Коом

Балдарды 1-класска каттоонун биринчи этабына өзгөртүү киргизилди

Агартуу министрлиги балдарды 1-класска каттоонун биринчи этабына өзгөртүү киргизилгенин кабарлады.

Буга чейин микроучасток боюнча бир нече мектеп сунушталып, ата-энелер бирин тандачу. Эми система бир гана мектепти сунуштайт. Өзгөртүү Бишкек шаарынын тургундарына гана тиешелүү.

Министрлик чечим мектепте орундун жетишсиздигинен жана ордо калаада элдин көптүгүнөн улам кабыл алынганын айтты.

Балдарды 1-класска каттоо бүгүн башталды.

Тектеш кабарлар

Back to top button