Коом

Кыргызстандын кымызы менен курутуна суроо-талап көбөйдү

2026-жылдын январь–апрель айларында Кыргызстандан 11 миң 799 тонна сүт азыгы экспорттолду.

Айыл чарба министрлиги бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 1 миң 688,2 тоннага көп болуп, өсүш 16,7 пайызды түзгөнүн билдирди.

Экспорттун көбөйүшүнө сүт азыктарынын айрым түрлөрүнө болгон тышкы суроо-талаптын жогорулашы таасир эткен. Өзгөчө кычкыл сүт азыктары — курут, кымыздын экспорту 3,6 тоннадан 116,5 тоннага чейин өскөн.

Мындан тышкары:

сүттүн сары суусунун экспорту — 164 тонна;

майсыз кургатылган эчки сүтү — 17,6 тонна;

сүт коктейли — 2,2 тонна;

каймак — 1,6 тонна болду.

Ошол эле учурда өткөн жылга салыштырмалуу сары майдын, кургак сүттүн, сырдын жана балмуздактын экспорту төмөндөгөн.

Тектеш кабарлар

Back to top button