Коом

Экономика министрлиги: Кыргызстанда баалардын кескин өзгөрүшү болбойт

Кыргызстанда баалардын кескин өзгөрүшү болбойт. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында КР экономика жана коммерция министринин орун басары Эльдар Алишеров билдирди.

Анын айтымында, учурда азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу майдын баалары өсүп жатат жана мындан ары дагы өсө бермекчи. Бирок министрдин орун басары кескин өзгөрүүнү четке какты.

“Кескин өзгөрүү стихиялуу болбойт, башкача айтканда, баалар 50%га кескин көтөрүлбөйт. Импорттук инфляция болбошу үчүн биз товарларды кыйла чектелген баада жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз”, — деди ал.

Ал ошондой эле антпесе жөнгө салуу саясаты колдонулуп, алып-сатарлык менен активдүү күрөш жүргүзүлөрүн белгиледи.

“Мындай тажрыйба бизде бар, мындай абалдан 2020-жылы өткөнбүз. Бирок азырынча баалардын спекуляциялык өсүүсүн байкай элекпиз”, — деп кошумчалады Алишеров.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button