Коом

Бишкекте дайынсыз жоголгон 3 жашар бала кайгуул кызматкерлери тарабынан табылды

Бишкекте дайынсыз жоголгон 3 жашар бала кайгуул кызматкерлери тарабынан табылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-мартта саат 14:55тер чамасында “102” кызматына Ю.Фучик көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде жаш бала жоголгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери жиберилген. Жеринде 27 жаштагы К.Э. аттуу айым үч жаштагы Ы.И. аттуу баласы үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз экендигин кабарлаган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери издеп табуу иш-чараларын жүргүзүп, адашып жүргөн жаш баланы таап, энесине аман-эсен өткөрүп берген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button