Коом

Октябрдан баштап пенсияны 1 миң 800 сомго көтөрүү маселеси каралууда — Соцфонд

2022-жылдын 1-октябрынан баштап пенсияны 1 миң 800 сомго көтөрүү маселеси каралууда. Бул тууралуу маалымат жыйынында Социалдык фонддун төрагасынын биринчи орун басары Теңизбек Абжапаров билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын 1-октябрынан баштап пенсиянын өлчөмүн 50 пайызга жогорулатуу боюнча министрлер кабинетинин токтому чыккан.

“Соцфонд эсептөөлөрдү жасап, министрлер кабинетине документтерди жибердик. Каржы министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Пенсиянын орточо өлчөмү январга карата 6 миң 100 сом болуп турса, алдын ала эсептөөлөрүбүз боюнча, октябрдан баштап пенсияны 1 миң 800 сомго көтөрүү маселеси каралууда. Азырынча каралып жатат, октябрга чейин убакыт бар, кирешеге карап бул көрсөткүчкө кайра кайтабыз”, — дейт ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button