Бишкекте 15 жаштагы бейтапка жогорку технологиялык татаал операция жасалды

Илим-изилдөөчү жүрөк хирургиясы жана орган трансплантациясы институтунун (НИИХСиТО) дарыгерлери оор абалда түшкөн 15 жаштагы бейтапка жогорку технологиялык татаал операция жасашты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтин маалыматында айтылгандай, өспүрүмгө ич көңдөйүндөгү аорта жана анын маанилүү бутактарын жабыркаткан фибромускулярдык дисплазия диагнозу коюлган. Оорунун айынан бейтапта катуу артериалдык гипертензия жана гипертрофиялык кардиомиопатия өнүккөн. 2022-жылдан бери жүргүзүлүп келген консервативдик дарылоо 2025-жылдын октябрь айында натыйжасын жоготуп, баланын абалы кескин начарлаган.
Ата-энесинин кайрылуусунан кийин өспүрүм НИИХСиТОго жаткырылып, толук кандуу текшерүүдөн өткөн. Дарыгерлер изилдөөлөрдүн жыйынтыгында шашылыш хирургиялык жардам көрсөтүү чечимин кабыл алышкан.
«29-октябрь 2025-жылы НИИХСиТОнун хирургдары ич көңдөйүндөгү аорта жана анын бутактарын протездөө боюнча жогорку татаалдыгы менен айырмаланган операцияны ийгиликтүү аткарышты. Хирургиялык кийлигишүү узакка созулганына карабастан, натыйжалуу өттү. Бейтап эки күн реанимацияда болуп, андан соң жалпы палатага которулду. Азыркы тапта анын абалы канааттандырарлык, жакын арада үйүнө чыгарылат», — деп кабарлады министрлик.



