Спорт

Париж Олимпиадасына лицензия берүүчү мелдешти Кыргызстанда өткөрүү сунушталууда

Париж Олимпиада оюндарына лицензия берүүчү мелдешти Кыргызстанда өткөрүү сунушталууда. Бул тууралуу маалымат жыйынында Кыргызстандын күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев билдирди.

Анын айтымында, ал мелдешти Кыргызстанда өткөрүү боюнча Бириккен күрөш дүйнөсүнө (United World Wrestling) сунуш берилди.

“Бишкекте алгачкы жолу эки жаш куракта Азия чемпионаты өткөнү жатпайбы. Дүйнөлүк уюм Азия чемпионатын кандай өткөргөнүбүздү карап кетет. Ошондуктан жемиштүү иштеп жатабыз”, — деди Турганбаев.

Турганбаев Олимпиадага лицензия ала турган кыргыз балбандар көп экенин белгилеп кетти.

Эскерте кетсек, Париждеги Олимпиада оюндары 2024-жылы 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button