Коом

СИЗОдо жаткан киши ооруканага жеткирилген соң качып кетип, кайра кармалды

Өткөн түнү Бишкектеги Улуттук хирургиялык борборунан тергөө амалдары учурунда кармалып турган жаран качып кеткен.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей, ал түн ортосунда Аламүдүн-1 кичи районунун аймагынан кармалган.

Сөз болуп жаткан шектүү 25 жашта. Ал 2020-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарынын тургунунан тишине брекет койдуруп берем деп 34,5 миң сом алган бойдон качып кеткен.

Жакында ал кармалып, соттун чечими менен №1 тергөө абагына киргизилген.

Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар шектүү ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылып, ал жерден качып кеткенин жазышкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button