Коом

Жамалбек Ырсалиев «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасынын директору болуп дайындалды

Жамалбек Ырсалиев «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Бишкекжылуулукэнерго» ишкананын мурдагы жетекчиси Азамат Оморов жазган арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Белгилей кетсек, Ырсалиев буга чейин турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэрлик кызматты аркалап келген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button