Коом

УКМК: Жасалма документтерди жасап саткан деген шек менен чет элдик жаран кармалды

КР УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 379-берененин 1-бөлүмү (Документтерди жасалмалоо) боюнча кылмыштын негизинде 2022-жылдын 11-майында козголгон кылмыш иштин алкагында, Ош шаарындагы Жогорку окуу жайларда окуган студенттерге – Өзбекстан Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын жасалма студенттик электрондук визаларын жана каттоо талондорун системалуу түрдө жасап, сатып жүргөн Өзбекстан Республикасынын жараны А.Ш.Р.дын кылмыштуу ишмердүүлүгү аныкталып ага бөгөт коюлду.

Ушул жылдын 12-майында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ошол эле учурда Ош шаардык соту айыпталуучуга карата 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын карады.

Учурда бардык керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button