Коом
Бишкекте косметологиялык кызмат көрсөткөн жайлар текшерилди

Борбор калаада косметологиялык кызмат көрсөткөн 63 жай текшерилгенин Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Сулуулук жайларынын ичинен 27си лицензиясыз иштеп, операция жасоо менен мыйзамсыз алектенип жаткандыгы аныкталган.
«Ал жакта санитардык-эпидемиологиялык тартип олдоксон бузулуп, медициналык калдыктар жок кылынбай жалпы контейнерге аралашып салынары аныкталды. Бул жерлерден кардарлардын ВИЧ, В, С гепатитин, кургак учук сыяктуу ооруларды жуктуруп алуу коркунучу жогору. Алардын көбү тиешелүү документтери жок туруп, косметологдукка окутуп келишкен», — деп айтышты министрликтен.
17 клиника боюнча документтерди тартип коргоо органдарына жөнөтүшкөн. 10 мекемеге эскертүү берилип, айып салынды.



