Коом
Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Штефан Тарковичтин атасы каза болду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров ага көңүл айтты. Президент Тарковичтин бул азалуу күндө дагы Улуттук курама команда менен чогуу болгонуна ыраазычылык билдирди.
“Футболчуларыбыз алдыдагы оюнга даярданып жаткан учурда тагдырдын оор сыноосуна карабай, Улуттук команда менен бирге болуу чечимиңизди футболчуларыбыз да, спорт күйөрмандары да, жалпы эле кыргыз эли жогору баалайт деп бекем ишенем. Башкы машыктыруучунун мындай мамилесин түшүнгөн футболчуларыбыз алдыдагы мелдеште татыктуу оюн көрсөтөрүнө үмүт артам”, — деди президент.
Кыргызстандын футболчулары 21-мартта Кытайдын Тайбэй курама командасы менен беттешет.



