Коом
Саясий серепчи Марат Казакпаев көз жумду

Саясий серепчи Марат Казакпаев 10-июнда болжол менен саат 15:00дө ооруканада каза болду. Бул тууралуу №1 шаардык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мусаев тастыктады.
Кечээ УКМК Марат Казакпаев ооруканага жаткырылгандыгын белгилүү болгон.
Эске сала кетсек, Казакпаев 2021-жылдын апрелинде мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармалган эле.



