Коом
Бишкекте батирден эркек кишинин сөөгү табылды

Бишкекте батирлердин биринен эркек кишинин сөөгү табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар Айни көчөсүндө жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышкан. Батирдин ичинен 59 жаштагы Н.Т. аттуу эркек кишинин сөөгү табылган.
Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.



