Окуялар

Кызматтык иликтөө аяктады: Мас абалында жаңжал чыгарган милиционер кызматтан бошотулду

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин, интернет тармагында К. у. А. аттуу милиция кызматкеринин мас абалында жүргөн видеосу тараган. Аны милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери токтоткон учурда, ал жаңжал чыгарып, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбей, качууга аракет кылган.

Бул факты боюнча кызматтык иликтөө дайындалды. Текшерүүнүн жүрүшүндө ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан кызматтык тартипти одоно бузган, ошондой эле ички иштер органдарынын аброюна шек кетирген аракеттери аныкталган. 

Кызматтык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аталган кызматкер терс негиздер менен кызматтан бошотулган.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги мындай фактыларга карата туруктуу мыйзамдуулукту ырааттуу карманат. Мыйзамды же кызматтык тартипти бузган ар бир учур кызматкердин наамына жана кызмат ордуна карабастан, катаал жана адилеттүү каралат.

ИИМ ички иштер органдарынын аброюна шек кетирген жана мамлекеттин аракеттерин бузуп, дискредитациялоого багытталган фактыларды аныктоо жана алдын алуу боюнча иш-чараларды улантууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button