Чыңгыз Айдарбековго кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча айып тагылды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековго кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча айып тагылды.
Министрликтин маалыматы боюнча, ал министр болуп иштеп турган мезгилде ведомствонун айрым кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, бюджеттик каражаттарды пайдаланууда бир катар мыйзам бузууларга жол берген.
Тактап айтканда, каражаттарды мыйзамсыз сарптоо, айрым чыгымдардын көлөмүн негизсиз көбөйтүү, материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын тиешелүү документтерсиз же жалган документтерди колдонуу менен эсептен чыгаруу, ошондой эле аларды өзүнө ыйгарып алуу фактылары аныкталган. Мындан тышкары, каражаттар аффилирленген түзүмдөр аркылуу да өздөштүрүлгөнү белгиленет.
Бул факт боюнча ИИМдин тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.
Эске салсак, кечээ Чыңгыз Айдарбековдун үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, жеринде ИИМ кызматкерлери иш алып барышкан.



