Экс-министр Динара Кутманованын уулу Түркияда аман-эсен экени айтылды

КР Жаратылыш ресурстары минитрлигинин экс-министри Динара Кутманова уулунун жоголгондугу тууралуу айрым ММК булактарына маалымат берип, фейсбук баракчасына “Менин баламдын уурдалганы жөнүндө органдар эмне үчүн унчукпайсыңар?” деген пикирин жазды.
Экс-министр Динара Кутманова ММК булактарына берген маалыматында уулу Стамбул шаарында уурдалып, ага 600 миң доллар талап кылганын айткан.
Бизге ишенимдүү булактардан билдирген маалыматтарга таянсак, Динара Кутманова “Жаратылыш өнүктүрүү фондундагы” миллиондорду жеген коррупциялык схемага анын уулу Кемелбек Кутмановдун түздөн-түз тиешеси болгону үчүн атайын Туркияга өзү качырган деп айтылат маалыматта. Себеби, “Кумтөр Голд Компаниден” жаратылышты коргоого бөлүнгөн миллиондогон акчаларды максатсыз, өздөрүнүн тааныштарына, туугандарына, уулунун досуна тендерсиз которушканы маалым болгон.
Албетте, мамлекеттик бюджетке мыйзамсыз кол салып, тендерсиз желген каражаттарга Динара Кутманованын уулу Кемелбек Кутмановдун тиешеси бар экени аныкталган.
Бизге жеткен маалыматка таянсак, булар уулун уурдап кетти деген жалган маалыматты таратып, атайын элдин көңүлүн бурууга аракет жасалган. Бирок, Туркиянын полициясы бул маалыматты текшерип, уулун таап, кармап, эч кандай уурдоо же коркутуу болбогонун билдирген. Учурда Динара Кутманованын уулу аман-эсен Туркияда полициянын бөлүмүндө экени аныкталган. Ал эми Туркиянын полициясы Кемелбек Кутмановду жакында Кыргызстанга экстрадиция кыларын билдириптир.
Динара Кутманова уулу жоголгону тууралуу өзү атайын укук коргоо органдарына арыз жазып кайрылган эмес. Анын ажырашып кеткен мурдагы жолдошу уулу жоголгону тууралуу арыз жазган.
Андан тышкары, уулу уурдалып, өмүрүнө коркунуч жаралып жатканда Динара Кутманова жайбаракат, социалдык желеге таптакыр башка маселелерди талкуулап отурганын кандай түшүнсөк болот? Ар бир ЭНЕ уулунун өмүрү чындап коркунучта болсо бүт ааламды унутуп, уулунун өмүрүнө гана көңүлү бурулмак. Бирок, Динара айымдын социалдык баракчадагы жазгандарында уулуна ушунчалык күйгөнүн, сары санаа болгонун деле окуган жокпуз.
Демек, Динара Кутманованын жай турмушту жазганы уулу коркунучтуу жерде эмес, тынч гана Түркияда ишенимдүү адамдардын арасында экенинен кабар берет.



