Коом

ИИМ: Улан Ниязбеков жана ЕККУнун Улуттук азчылык иштери боюнча Жогорку комиссары менен кызматташууну талкуулашты

Бүгүн, 25-июлда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков ЕККУнун Улуттук азчылык иштери боюнча жогорку комиссары, Элчи Кайрат Абдрахманов менен жолугушту.

Ички иштер министрлигинде болгон жолугушуунун жүрүшүндө өз ара кызматташуу маселелери негизги темага айланды. Улан Ниязбеков ЕККУнун Улуттук азчылык иштери боюнча Жогорку комиссары Кыргызстанга болгон сапары үчүн ыраазычылыгын билдирип, Элчи Кайрат Абдрахмановго Кыргызстандын Ички иштер министрлиги ар тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин баса белгиледи.

ИИМ башчысы белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында этностор аралык мамилелер турукташтыруу процессинен өтүп, өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыгууда. Республикадагы кырдаал туруктуу деп бааланат, жарандар бири-бирине карата толеранттуулукту жана достукту көрсөтүшүп келет.

Өлкөдө улуттар аралык ынтымакты жана тынчтыкты сактоо негизги артыкчылыктуу багыт болуп саналат.

Акыркы жылдары Кыргыз Республикасында этностор аралык мамилелерди өркүндөтүү, өлкөнүн маданий мурастарын жана этникалык көп түрдүүлүгүн сактоо аркылуу улуттук биримдикти камсыз кылуучу саясат түзүлдү.

Жолугушууда белгиленгендей, учурда өлкөнүн аймагында 533 коомдук алдын алуу борбору иштеп жатат. Коомдук алдын алуу борборлору “Эл аралык толеранттуулук үчүн” жана “Сейферуорлд” Эл аралык фонддору менен активдүү кызматташат. Алардын иши Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жергиликтүү деңгээлде калк арасында коопсуздукту камсыз кылуу боюнча аракеттерине чоң салым кошуп келет.

Бүгүнкү күндө Министрликтин окуу жайларында адам укуктарын коргоого жана ички иштер органдарынын ишинде, анын ичинде этностор аралык мамилелерде, конфликтологияда жана сүйлөшүү процессинде басмырлоонун бардык түрлөрүн болтурбоого багытталган сабактар өткөрүлүүдө.

Сөзүнүн аягында министр актуалдуу маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди, — деп айтылат ИИМдин Басма сөз кызматы билдирген маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button