15 күндөн бери дайынсыз. Сузакта 43 жаштагы Өмүрбек Исламов изделүудө

Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Жаңы-Айыл айылынын 1979-жылы туулган тургуну Исламов Өмүрбек Мурзабаевич, 2022-жылдын 11-июль күнү саат 09.30 чамаларда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жок болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Учурда Исламов Өмүрбектин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: бою 175-180 см, өңү ак жүздүү, чачы кара кыска, кашы көзү кара, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: башында боз түстөгү кепка, үстүндө боз түстөгү футболка жана спорт шым, бутунда күрөң түстөгү красовкачан болгон.
Дайынсыз болуп жаткан Исламов Өмүрбек боюнча кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.
Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Тел.: 03722-7-39-90, 102, 0553-78-00-78, 0777 80-65-68



