ИИМ: Ички иштер органдары тарабынан 6 ай ичинде жалпы 22 миң 634 кылмыш иши козголгон

2022-жылдын 29-июлунда Ички иштер министрлигинде ички иштер органдарынын 2022-жылдын 6 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиянын отуруму болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.
Коллегияда ички иштер министринин биринчи орун басары Адыл Бийбосунов баяндама жасап, өлкө ичиндеги коомдук коопсуздуктун, кылмыштуулук менен күрөшүүнүн, жол кыймылынын абалына токтолуп, ички иштер органдарында 2022-жылдын 6 ай ичинде жалпы 22 миң 634 кылмыш иштери козголгонун маалымдады. “Бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу 20 миң 525ке, же болбосо салыштырмалуу 47,6%га аз. Башкача айтканда, былтыр 43 миң 159 кылмыш болсо, быйыл 22 миң 634 кылмышты түзгөн.
Быйылкы жылдын отчеттук мезгилинде өндүрүштө турган жалпы 49 миң 622 кылмыштардын ичинен 14 миң 849 фактынын бети ачылган, бетин ачуу 29,9% түзгөн.
Былтыр сотко 9 миң 468 кылмыштар жөнөтүлсө, быйыл 9 миң 891 жөнөтүлүп, салыштырмалуу 423 ишке же 4.5%га көп жөнөтүлгөн.
Республика боюнча былтыр 12 миң 428 кылмыштардын бети ачылса, быйыл 14 миң 849 иштин бети ачылып, салыштырмалуу 2 миң 421 учурга же 19,5% көп ачылган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштердин натыйжасында, 1 миң 482 адамдан турган 603 кылмыштуу топтор колго түшүрүлүп, алар тараптан 1 миң 290 кылмыш жасалгандыгы аныкталган.
Ички иштер органдарынын бардык ыкчам кызматкерлеринин жөндөлгөн ишинин жардамы аркасында үстүбүздөгү жылдын 6 айында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 6 тонна баңгизат каражаттар, психотроптук заттар жана алардын прекурсорлору алынган. Алардын ичинен Кызмат тарабынан 3 тонна 557 килограмм 158 грамм баңгизат каражаттар, психотроптук заттар жана алардын прекурсорлору, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 60% га көп.
Алардын ичинен: героин- 33 кг 092 гр, апийим –7 кг. 730 гр, гашиш– 92 кг, 108 гр, марихуана – 65 кг 143 гр, каннабистин өсүмдүгү – 3 кг 655 гр, психотроптук заттар — 12 кг. 900 гр, прекурсорлор –3 тонна 200 килограммга жакын, башка түрлөрү – 167 кг 594 гр..
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тарабынан алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмыштардын бирдиктүү реестрине бардыгы болуп 720 баңгизаттарга байланыштуу кылмыш катталган. 5 интернет дүкөндүн, 2 баңгилик сайттын ишмердүүлүгү бөгөттөлгөн. Конфискацияланган баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун орточо чекене баасы боюнча болжолу менен 3 млрд. 165 млн. 545 миң. 757 сомду түзөт.
Ал эми, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында жол-унаа кырсыктардын саны төмөндөгөнү менен ага байланыштуу айрым көрсөткүчтөр жогору. Республиканын аймагында былтыр 3 миң 406 жол кырсыгы катталган болсо, быйыл 3 миң 34 жол кырсыгы катталып, -372 учурга же 10,9%га азайган.
Жол кырсыктарынын жалпы абалына кыскача токтолуу менен жол кырсыктарынын алдын алуу багытында атайын чаралар жогорку деңгээлинде жүргүзүлгөн эмес. Демек бул багытта үзгүлтүксүз иш-чараларды жүргүзүү керек”,-деди Адыл Бийбосунов.



