Кызыл-Кыя шаарында 14 жаштагы Элдияр изделүүдө

Кызыл-Кыя шаарында 14 жаштагы Элдияр Кайымов изделүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын 41 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, анын уулун 2008-жылы туулган Кайымов Элдияр Таалайбековичти 20-июль күнү ажырашкан күйөөсү Кайымов Таалайбек Шакирович түрдүү нерселер менен алдап, үйдөн алып чыгып кеткендигин билдирген.
Бул факты Кызыл-Кыя шаардык милициясына катталып, текшерүү иштеринин жүрүшүндө атасы алып кетпегендиги белгилүү болгон.
Баланын белгилери: бою 165-170см, кашы, көзү кара түстө, чачы кыска, кара тору жүздүү, акыл-эси соо.
Үйдөн кандай кийимде чыгып кеткендиги белгисиз.
«Эгерде төмөндөгү сүрөттөгү баланы көрүп билгендер болсо, Кызыл-Кыя ШИИБдин байланыш номерлерине кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Байланыш номерлер: (03657) 102, 5-04-20, 0779 818 131», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.



