КРВИ менен бир жума ичинде бейтапканага кайрылгандардын саны 1334 адамга жетти

Республикалык клиникалык жугуштуу оорукананын кабыл алуу бөлүмүнө бир жумада 1334 бейтап кайрылган, алардын 26%ы курч респиратордук вирустук инфекция менен ооругандар. Бул тууралуу оорукананын администрациясынан билдирди.
Мекеме курч вирустук инфекциялардын саны өсүп жатканын белгилейт. Кайрылгандардын жалпы санынан 500 адам ооруканага жаткырылган, алардын 42%ы курч респиратордук инфекция менен ооругандар, көбүнчө жаш балдар.
Бүгүнкү күндө стационарда КРВИ менен 155 бейтап бар, алардын көпчүлүгү балдар. Абалы оор болгондуктан реанимация бөлүмүндө 6 бейтап жатат, алардын 5и балдар, анын ичинде 4 бала бир жашка чейинкилер.
Дарыгерлер калкка КРВИнин алгачкы белгилери пайда болгондо үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылууга жана эл көп чогулган жерлерге, анын ичинде жабык балдар ойноочу аянтчаларына барбоону эскертет. КРВИнин алдын алуу:
-ооруп калгандан кийин алгачкы 3 күндө башка адамдар менен байланышты чектөө.
-КРВИ күчөгөн маалда массалык иш-чараларга баруудан оолак болуу, коомдук транспортту колдонбоого аракет кылуу же бет кап кийүү.
-жеке гигиенанын эрежелерин так сактоо (бетинде вирус калган буюмдарды кармалагандан кийин колду жуу).
-организмди кубаттоо:
-толук кандуу тамактануу, жашылчаларды, жемиштерди, витаминдерди жетиштүү деңгээлде колдонуу;
-таза абада сейилдөө, спорт менен машыгуу;
-толук кандуу уйку; тамеки чегүүдөн баш тартуу (тамеки тартуу организмдин коргонуу касиеттерин, дем алуу жолдорунун инфекцияларга туруктуулугун төмөндөтөт);
-мурунду эритме менен жуу;
-мурунга оксолин майын сүйкөө (ар бир 2 саат сайын). Ошондой эле сасык тумоого каршы эмдөө алуу.



