Коом

БШК жумушчу топ Жаныбек Абировдун арызын карай турганын билдирди

БШКга «Строй Ленд» ЖЧКсынын директору Абиров Жаныбек Болотбековичтен Бишкектеги № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоого катышуу ниети тууралуу билдирүү келип түшкөн.

БШКдан билдиришкендей, арызды карап чыгуу жана мыйзамга ылайыктуулугун текшерүү үчүн документтерди кабыл алуу жумушчу тобуна берилген. Текшерүүнүн  жыйынтыгы боюнча жумушчу топ өз сунуштарын БШКнын отурумуна киргизет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button