Коом
Жылдыз Кулжанова: 1-октябрдан тарта пенсия жогорулайт

1-октябрдан тарта пенсия көтөрүлөт. Бул тууралуу Социалдык фонддун пенсия жана тарифтик саясат башкармалыгынын башчысы Жылдыз Кулжанова “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 10 пайызга жогорулап, эң аз 600 сомдон кошулат.
Белгилүү болгондой, былтыркы жыл эң төмөнкү пенсиялар 6 миң 900 сом болсо, эми эң аз пенсия 7 миң 500 сомго жогорулайт.
“Статистика комитетинин маалыматына караганда былтыркы жылдын көрсөткүчү боюнча жашоо минимуму 7 миң 100 сомду түгөн. Азыркы жогорулатуудан кийин бул жашоо минимумунан ашык пенсия камсыз кылабыз. Мындан жогору пенсиялар да болушу мүмкүн, мисалга алсак камсыздандыруу бөлүктөрү 10 миң сомдон ашык болушу мүмкүн.”,- деди Жылдыз Кулжанова.



