Окуялар

Ысык-Көлдө шагыл көчүп, турак үй дарыянын ортосунда калды

Ысык-Көл облусунда шагыл көчүп, кесепетинен турак үйдүн тегерегин суу каптап калды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, окуя Сырт жайлоосунда болгон. Тоодон куюлуп түшкөн шагыл Балгарт дарыясынын нугун буруп, натыйжада суу үйдү курчап ага баштаган.

Дарыянын нугун калыбына келтирүү үчүн жерине атайын техника жөнөтүлдү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button