Коом

Саламаттык сактоо министрлиги 200 даана тез жардам унаасын сатып алууну пландоодо

Саламаттык сактоо министрлиги 200 даана тез жардам унаасын сатып алууну пландап жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев депутаттык эки топтун биргелешкен жыйынында билдирди.

Анын айтымында, унаалар Дүйнөлүк банктын каражаттарынын эсебинен сатып алынат.

«Жаңы унааларды 2026-жылдын аягына чейин сатып алуу пландалууда», — деп кошумчалады Тилек Мамадалиев.

Тектеш кабарлар

Back to top button