Коом

ИИМдин Ички аскерлеринин 704 аскер бөлүгүнүн түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү

2022-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин 704 аскер бөлүгүнүн (Жалал-Абад шаары) түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына жана Чаткал окуясынын 22 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы полковник Дамир Алыбаев, аскер бөлүктүн ардагерлери жана чакырылган меймандар катышты.

Өз сөзүндө колбашчы аталган бөлүктүн өздүк курамы 2000-жылы  Чаткал районуна караштуу Акташ айылындагы мыйзамсыз куралчан түзүмдүү жок кылууда,  2005-жылдан 2020-жылга чейинки мамлекетибизде болуп өткөн коомдук-саясий кырдаал учурунда жана коронавирус илдетин алдын алуу боюнча Өзгөчө кырдаал, Өзгөчө абал киргизилген учурда карантиндик режимди камсыздоо боюнча тапшырмаларды аткарууда кайраттуулукту жана эр жүрөктүүлүктү көрсөтүшкөнүнө токтоло кетти.

Салтанаттуу иш-чараны утурлай Ички аскерлердин колбашчысынын жана өз ара кызматташкан түзүмдөрдүн  буйруктарынын негизинде, бөлүктүн бир топ  аскер кызматкерлери жана ардагерлери медалдар, баалуу белектер жана грамоталар менен сыйланышты.

Салтанаттуу иш-чаранын аягында меймандардын  назарына  кармашып урушуунун элементтери, куралдуу кылмышкерди кармоонун жүрүшүндө атайын багыттагы бөлүктөрдүн  аракеттери, курал-жарактардын жана күжүрмөн техниканын көрсөтүүлөрү, ошондой эле өздүк көркөм өнөр жамааты даярдаган концерттик программа тартууланды,-  деп билдирди ИИМдин Ички аскерлеринин Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button