Коом

ДИМКнын директору Азамат Юсупов Катардын элчиси менен жолукту

Бүгүн, 22-ноябрда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов менен Катар мамлекетинин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Марри мырзанын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар кызматташууну мындан ары өнүктүрүү жолдорун талкуулашып, дин чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Жыйынтыгында Азамат Юсупов менен Али Жабир Мухаммад Аль-Марри дин чөйрөсүндөгү айрым маселелерди чечүүдө өз ара аракеттенүүнү күчөтүү үчүн кадамдарды жасоо тууралуу макулдашышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button