Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Корея Республикасынын BEATOZ компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту

Бүгүн, 26-июнда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Түштүк Кореянын BEATOZ компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар санариптик технологиялар жаатында кызматташуунун келечектүү багыттарын, анын ичинде блокчейн чечимдерин өнүктүрүү жана санариптик финансылык кызматтарды киргизүү маселелерин талкуулашты.
Равшанбек Сабиров Кыргыз Республикасы санариптик экономиканы өнүктүрүүгө жана инвестициялык чөйрөдө заманбап технологиялык чечимдерди киргизүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

«Санариптик технологияларды жана инновациялык чечимдерди өнүктүрүү — биздин ишмердүүлүктүн негизги багыттарынын бири. Биз экономиканы модернизациялоого жана инвесторлор менен бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө өбөлгө түзгөн долбоорлорго өзгөчө кызыкдарбыз», — деп белгиледи Равшанбек Сабиров.
Компаниянын өкүлдөрү BEATOZ ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары менен тааныштырып, санариптик инфраструктураны жана виртуалдык активдерди башкаруу системаларын иштеп чыгуу боюнча тажрыйбасы тууралуу маалыматтар менен бөлүштү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын талкуулап, ишти улантуу боюнча консультацияларды өткөрүүнү макулдашышты.



