Баткенде абал турукташууда

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал жалпысынан турукташууда. Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди. Облус башчысы билдиргендей, бүгүн таңдан баштап кырдаалга байланыштуу түзүлгөн эки тараптуу комиссия биргеликте иш алып барган.
«Анын жыйынтыгы менен бир катар макулдашууларды жүзөгө ашырдык. Анын ичинде эки тараптан тең жабылган жолдор ачылды. Мындан сырткары Баткен районундагы бир катар айылдарга жергиликтүүлөрдүн кирип, чыгуусуна шарт түзүлдү. Ошол эле учурда электр энегриясы өчүрүлгөн айылдарда, калыбына келтирүү жумуштары башталды», — деп билдирди.
Алимбаев Көк-Таш-Аксай жолундагы көпүрөнү калыбына келтирүү иштери да башталганын кошумчалады. Мындан ары да аймакта эки өлкөнүн күч структуралары коомдук коопсуздукту көзөмөлгө алары айтылды.



