КоомСпорт

Ардагер балбандар Чынарбек Изабеков менен Сааданбек Ниязов дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык балбандар Чынарбек Изабеков менен Сааданбек Ниязов Болгариядагы ардагерлер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль багындырды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Мелдеш 4-9-октябрга чейин Болгариянын Пловдив шаарында өтүүдө.

Изабеков D категорияда 100 кг салмакта күчүн сынап, финалда казактандык балбанды утуп, ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болду. Ал эми E категорияда 130 кг салмакта Сааданбек Ниязов казакстандык, америкалык жана ирандык балбанды утуп, алтын байгеге ээ болду.

Мындан сырткары, 70 кг салмакта Талант Бегалиев күмүш, D категорияда 78 кг салмакта Кадыр Кеңешов коло медаль жеңди.

Белгилей кетсек, балбандар жаш куракка жараша категорияларга бөлүнгөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button