Коом
Кыргызстанда коронавирустун төртүнчү толкуну башталып, “омикрон” штаммы катталды

Кыргызстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясынын төртүнчү толкуну башталганын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкөдө “омикрон” штаммынын эки учуру – Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталды.
Эске салсак, акыркы суткада коронавирустун 465 учуру аныкталып, эки адам каза тапты.



