Маданият

Шайыр Касымалиева сахнадан кетти

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына 32 жылдык өмүрүн арнаган Шайыр Касмалиева кечээ, 17-октябрда сахна менен коштошуу кечесин өткөрдү.

Актриса чыгармачылык жолунда ондогон кайталангыс образдарды жаратып, академиялык театрдын репертуарындагы спектаклдердин көркүн ачып келген. Коштошуу кечесине театрдын жамааты катышып, актрисанын кыргыз театр сахнасына берейин деген көрөңгөсү али көп экенин айтышып, актрисанын чечимине ичтери тызылдаганын жашырышкан жок. Алар актрисанын мындан аркы чыгармачылыгына даңгыр жол каалашты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button