Бишкекте «Ала-Тоо» адабий-көркөм журналынын бет ачары өттү

Бүгүн, 22-майда «Ала-Тоо» адабий-көркөм журналынын бет ачарына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрилиги маалымдады.
Билдирүүдө айтылгандай, иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, маданият өкүлдөрү, акын-жазуучулар, чыгармачыл интеллигенция жана коомчулук өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын алкагында министр Мирбек Мамбеталиев куттуктоо сөз сүйлөп, журналдын кыргыз адабияты менен маданиятындагы өзгөчө ордун белгиледи.
Министр өз сөзүндө «Ала-Тоо» журналы дээрлик бир кылымдык тарыхында кыргыз акын-жазуучуларынын нечен муундары үчүн чыгармачылык мектеп болуп келгенин айтып, улуттук адабий тилди өнүктүрүүгө жана көркөм ой жүгүртүүнү калыптандырууга кошкон салымын жогору баалады.
Ошондой эле ал бүгүнкү күндө медианын өзгөрүшү басма сөз каражаттарынан жаңы форматта иш алып барууну талап кыларын белгилеп, заманбап маалыматтык ресурстарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Анын айтымында, басылмалар расмий сайттар жана социалдык тармактар аркылуу коомчулукка ыкчам жана сапаттуу маалымат жеткирген активдүү аянтчага айланышы зарыл.
Иш-чаранын жүрүшүндө журналдын тарыхы, чыгармачылык жолу жана учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар айтылып, адабий чөйрөнүн өкүлдөрү тарабынан каалоо-тилектер билдирилди.
Салтанат соңунда чыгармачыл жамаатка мындан аркы ийгиликтер кааланып, кыргыз маданиятын жана адабиятын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык айтылды.



