Коом

Баткенде он ата-энеге протокол толтурулду

Баткен районунун аймагында “Антирэкет, зордук-зомбулукка каршы” аталышындагы иш-чара өткөрүлүп, ага милициянын бөлүмчөсүнүн 60 жакын кызматкери тартылып, коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу багытында бир топ иш-чараларды өткөрдү.
Балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин демилгеси менен балдарды жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери, жергиликтүү айыл башчылары менен биргеликте район аймагындагы жайгашкан ар бир мектептерге барып, ата-энелер чогулуштарын, окуучулар менен пикир алмашуу иш-чараларын уюштуруп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Балдарга болгон зомбулуктарды болтурбоо, аларды көзөмөлдөө боюнча ата-энелерге эскертилип, мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликтер айтылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө жаштар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, уюшулуп мушташууларга, зордук-зомбулукка жол бербөө, түн ичинде жаш өспүрүмдөрдү көзөмөлсүз жалгыз жүргүзбөө боюнча рейддер уюштурулду.
Жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде жалпысынан 15 протокол толтурулуп, айып пулдар салынды.
Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button