Коом

Баатыр эмес! Саясий экстазга батып, ашынып кеткен Орозайым ушул жолду өзү тандап алды

Коомдук активист болуп жүргөн Орозайым Нарматова жакында камакка алынганы ар кандай талкууларды жаратып жатат. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованын камалышы тууралуу аталган партиянын лидери Адахан Мадумаров ооз ачкан жок.

Бирок коомчулукта Орозайым Нарматовага болушкандардан да анын камалышын туура көргөндөрдүн саны арбын болду. Себеби, буга чейин да Нарматова ИИМге сурак берип, мыйзам чегинде эскертүү алган. Албетте, ашыкча сүйлөп, элге ар кандай чакырыктарды таштап келгени мыйзамга туура келбейт эле. ИИМдин эскертүүсун эске алган жок. Акыры Россиядан кармалып, Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу Фейсбук колдонуучусу Айгүл Базиева өзүнүн баракчасына төмөнкүдөй пикирин калтырган. 

“Орозайым Нарматованын камалашы абдан  өкүнүчтүү. Бирок Сооронбай Жээнбековго катуу асылып, мени менен айтышып блоктоп салган эле. Ал киши Орозайымды тааныбаса деле керек. Бирок атасындай кишинин чачына чейин асылып, аябай жүрөктү оорутканы эсимде. С. Жээнбеков  мындай майда-чүйдөлөргө эч качан көңүл бөлгөн эмес. Ар дайым өз иши менен алек болчу.

Ошентсе да, ушул кыздын саясаттын курманы болуп жатканы өкүндүрдү. Чынын айтсам, Садыр Жапаровду ушул кыз аркылуу таанып калганымды билем. Ысык-Көл облусунда болсо керек эле, китебин тааныштырып, саясатын катуу колдоп жүргөн.

Калыстык үчүн ушундай жаш кыздардын бирөөнүн курманы болгонуна аябай өкүнүп кетем. Албетте келечеги алдыда. Бул сыноолордун артында жакшылык бар экенине ишенем. Айрыкча үй-бүлөлүк бакыт каалайм.” 

Бул билдирүүгө белгилүү журналист Гүлжан Каримова дагы Нарматованын “бок ооз”  тилининин айынан болгондугун жана кыз катары боору ооруй турганын жазды. 

Чынында ал баарыбыз боор ооруй турган кыз эмес экендигин далилдеди. Узун тилин тыйып өзүн карманса мынчалыкка жетмек эмес. Ар ким өз жашоосуна жооптуу дейт эмеспи,Орозайым ушул жолду өзү тандап алды. Адебинен ашып, улуу-кичүүнү көзгө илбей тегиз сенсиреп кайрылып, өзүн ааламдын ханышасы сезип калган. Аял катары бактысын таба электигин өзү ойлонбогон немеге боор ооругандын  кажети жок.  Турмушка чыга элек кыздын ичинде ушунча негатив кантип батып жатат деп анын кайрылууларын көргөн адамдар көп жазат эле. Саясий экстазга батып,  Мадумаровдун айткандарынан чыга албай анын жетегинде жетеленип баратып аңга түштү. Жок дегенде кой-ай деп койгон бир улуу киши болгон жок. Ажылдаган аялдын бараар жери СИЗО экенин эстен чыгарып адамдык сапаттардан аттап кеткен эле кайран кыз.

Айгүл Базиева айымдын жазган пикиринде көпчүлүк Орозайымдын туура эмес жолду тандап алганын, саясатты эмес билимди, жеке жашоону тандаса болмок деген сын пикирлер жазылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button