Караколдо жолдошу менен сүйлөшүүгө барган келин бычакталып өлтүрүлдү

Кечээ, 9-ноябрь күнү болжол менен кечки саат 17:19 чамаларында Каракол ШИИБге Каракол шаарында жайгашкан «Кумтөр» соода борборунда эркек киши аял кишини бычактап салгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган маалымат Каракол ШИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге Ысык-Көл ОИИБдин жана Каракол ШИИБдин тергөө-ыкчам топтору жөнөтүлгөн.
Алгачкы маалымат боюнча, 1987-жылы туулган киши 1992-жылы төрөлгөн келинчеги менен соода борборунда ажырашып жүргөндүктөн, өз ара сүйлөшүү үчүн кездешкен. Сүйлөшү учурунда ортосунда өз ара келишпестик чыгып, анын кесепетинде күйөөсү келинчегин жана өзүн бычак менен сайып жиберген. Кесепетинен келин алган жаракатынан окуя болгон жерден каза болгон, күйөсү алган жаракаты менен ооруканага жеткирилген. Учурда териштүрүү иштери уланууда.



