Окуялар

ВИДЕО: Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык кармаган жергиликтүү тургун кармалды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык кармагандыгы үчүн жергиликтүү тургун кармалды. Тинтүү учурунда анын үйүнөн 195 даана жаңы синтетикалык балык уулоочу торлор табылды.

Ысык-Көл облусунда суу биоресурстарын коргоо, кайра өндүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, облустун Ички иштер башкармалыгы жаратылышты коргоо жана экологиялык ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте, суу объекттеринде браконьерликке каршы аракеттенүүнү камсыз кылуунун иштиктүү механизмин түзүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүүгө багытталган бир катар иш-чараларды жүзөгө ашырып келүүдө.

Жакында Түп РИИБдин кызматкерлери тарабынан Кудургу айылынын жанындагы көлдүн жээгинен мыйзамсыз балык кармагандыгы үчүн 51 жаштагы К.Ю аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Андан далил зат катары 31 даана «Сига-Лудога» балыгы, бир алюминий кайыгы жана 6 даана балык кармоочу торлор алынган.

Райондук милициянын тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 212-беренесинин 9-пунктунун негизинде (Тинтүү жана алып коюу өндүрүшүнүн негизи жана тартиби) кармалган жарандын үйүнө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда 195 даана жаңы синтетикалык балык торлору жана 12 даана балыктын ар кандай түрлөрү табылып алынган.

Аталган факты Түп РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренеси (Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо) менен кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button