Ошто акча алмаштыруучу жайдын ээси бычакталып каза тапты

Ош шаарында акча алмаштыруучу жайда бычакталган жаран каза болду. Ош ШИИБи шектүү кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 24-майда саат 18:15тер чамасында калаадагы акча алмаштыруучу жайлардын биринин ээсин 38 жаштагы Ош шаарынын тургуну бычактап салган. 35 жаштагы жабырлануучу ооруканада операция учурунда каза тапкан.
Шектүүнү кармоо учурунда ал өзүнө кол салып, жанын кыюуга аракет жасаганы айтылды. Жанынан бычак, 37 500 сом акча, эки даана Samsung үлгүсүндөгү уюлдук телефон жана бир даана 100 граммдык арактын бош бөтөлкөсү алынган.
Ал окуя болгон жерге кара кепка кийип, медициналык бет кап тагынып кирип барганы камерага түшүп калган. Колундагы желим баштыкчадан бычак алып чыгып, маркумду отурган жеринен туш келди сайып, андан соң акча алмаштыруучу жайдын кийинки бөлмөсүнө кирип, акча алып чыккан. Арачага түшкөн 39 жаштагы дагы бир жаран колунан жараат алган.
Маркумдун артында үч баласы калды.
Кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 38 жаштагы тургуну Т.Н. акча алмаштыруучу жайдын ичинен кармалды. Жанынан каракталган 37 500 сом жана уюлдук телефондор табылган. Ал мурда соттолгон, 4 баланын атасы.
Милиция кызматкерлери кылмыш үстүнөн кармап жаткан учурда, шектүү жанын кыюуга аракет кылган. Ички иштер органдарынын кызматкерлери ага мүмкүнчүлүк бербей, колундагы бычакты тартып алышкан.
Бул факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда тийиштүү соттук-медициналык жана криминалистикалык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.



