Коом
Жоголду делген Айдарбеков ден соолугуна байланыштуу жыйындарга убактылуу катыша албайт

Бул тууралуу Жанар Акаев билдирүү таратты.
«Бул тууралуу ал ЖК төрагасына жана фракция лидери катары менин атыма расмий кат жазды. Чыңгыз Азаматович жакынкы күндөрү кайтып келип, ишин улантат деп ишенем», — деди ал.
Кечээ Эльвира Сурабалдиева депутаттар Чыңгыз Айдарбеков менен Эмил Жамгырчиев тажияга катышуу үчүн өлкөдөн чыгып кетип бара жатканда Жамгырчиев кармалганын айткан. Ошол эле учурда Айдарбековдун дайыны жок болуп жатканын билдирген.
Ал эми бүгүн УКМК Айдарбеков суракка алынбаганын, ал Казакстанга чыкканын маалымдаган.
@user2



