Коом
Улуттук банк кечээ 59,5 млн доллар сатты
Муну башкы банк доллар курсунун кескин өзгөрүүсүн жымсалдап туруу үчүн жасайт.
Апта башында доллардын баасы өзгөрбөгөнү менен бүгүн 40 тыйынга кымбаттап кетти. Жакында эле Улуттук банк накталай чет элдик валютанын дагы эле тартыш болуп жатканын кабарлаган.
Ушуну менен быйыл жетинчи жолу интервенция жасалып, жалпы суммасы 332,4 млн долларга жетти. Ошол эле учурда башкы банк 190,7 млн доллар сатып алган.



