Коом

Мэр: Кийинки жылы Бишкекте 7 жол оңдолуп, 3 жаңы жол салынат

Бул тууралуу Айбек Жунушалиев парламентте билдирди.
Ал ошондой эле шаардагы жол тыгын маселесин чечүү үчүн көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайлар куруларын айтты. 

“Бул жайларды кура турган ишкерлерге аукциону жок эле түз келишим менен жерлерди бергенге даярбыз. Өкмөттөн 40 жерди бергиле деген тапшырма түшкөн, азыр 6 жерибиз бар, башкасын дагы караштырып жатабыз”, — деди калаа башчысы.

Ал, мындан тышкары, көп кабаттуу үйлөрдүн дүкөнгө айланып кеткен унаа токтотуучу жайлары кайтарыларын кошумчалады. Ал эми “Алтын квадраттагы” унаа токтотуучу жайлардын баасы тууралуу жоболор иштелип чыкканын, акы саат сайын геометриялык прогрессия менен өсө турганын айтты. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button