Саясат

Парламент жайкы каникулга тарады

2026-жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш 8-чакырылыштын биринчи сессиясын расмий түрдө аяктады.

ЖК төрагасы Марлен Маматалиев билдиргендей, сессиянын жүрүшүндө жалпысынан 182 мыйзам долбоору келип түшкөн. Алардын ичинен 145и кабыл алынып, 94 мыйзам долбооруна президент кол койгон.

Кабыл алынган мыйзам долбоорлорунун ичинен:

115и Министрлер кабинети тарабынан сунушталган;

23ү Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген;

6сы президент тарабынан киргизилген;

1и Башкы прокуратура тарабынан сунушталган.

Сессия аяктагандан кийин жыйындар залында оркестр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнин аткарды.

Жогорку Кеңеш өз ишин кайрадан 1-сентябрдан баштайт.

Тектеш кабарлар

Back to top button