Коом

SCO Business & Industry Expo Kyrgyzstan 2026 катышуучулары «Ала-Арча» улуттук паркында болушту

SCO Business & Industry Expo Kyrgyzstan 2026 эл аралык көргөзмөсүнө катышкан ШКУга мүчө мамлекеттердин делегация өкүлдөрү үчүн Кыргызстандын маданий жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн таанытуу максатында атайын программа уюштурулду.

Катышуучулар «Ала-Арча» улуттук паркына барып, Кыргызстандын уникалдуу жаратылышы, туристтик потенциалы, улуттук каада-салттары жана маданий мурастары менен таанышты. Өлкөнүн белгилүү жаратылыш аймактарынын бирине болгон сапар чет элдик меймандарга Кыргызстандын өзгөчөлүктөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн жакындан таанууга шарт түздү.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров мындай эл аралык иш-чаралар инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүгө, өлкөнүн потенциалын таанытууга жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен узак мөөнөттүү байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.

«Кыргыз Республикасы инвестициялык өнөктөштүк үчүн ачык жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар. Эл аралык иш-чаралар бизнес өкүлдөрү, инвесторлор жана мамлекеттик институттар ортосунда түз диалог түзүүгө, кызматташуунун жаңы багыттарын аныктоого жана өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет», — деп белгиледи Равшанбек Сабиров.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө катышуучулар Кыргызстандын ар түрдүү тармактардагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты жана ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосунда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты.

«Ала-Арча» улуттук паркындагы маданий программа иш-чаранын ишкердик бөлүгүнүн уландысы болуп, катышуучулар ортосундагы бейформал баарлашууга, өз ара түшүнүшүүнү жана өнөктөштүк байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түздү.

Тектеш кабарлар

Back to top button