Коом
Жогорку сотко жаңы судья тааныштырылды

Жогорку сотто жаңы дайындалган судья Алмаз Калыбаев жамаатка расмий түрдө тааныштырылды.
Иш-чарага президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Бектур Зулпиев, ошондой эле Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Алмасбек Абытов катышты.
Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев жаңы судьяны жамаатка тааныштырып жатып, Жогорку соттун курамы тажрыйбалуу жана жогорку кесиптик даярдыктагы кадр менен толукталып жатканын белгиледи.
Медербек Сатыевдин айтымында, Алмаз Калыбаев сот системасында олуттуу иш тажрыйбасына ээ болуп, өзүн принципиалдуу, жоопкерчиликтүү жана кесипкөй адис катары көрсөтө алган.



