Коом

Кыргызстанда 7 миңден ашуун жаранга акысыз юридикалык жардам көрсөтүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 6-13-декабрь аралыгында Юстициялык жардам кызматы тарабынан калкка юридикалык жардам көрсөтүү декадасы өттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам жана калкка укуктук билим берүү башкармалыгынын башчысы Айчүрөк Камаева билдирди.

Анын айтымында, декаданын жүрүшүндө 7280 адамга акысыз юридикалык жардам көрсөтүлдү. Анын ичинен:

— Бишкек шаарында – 804;

— Чүй облусунда – 1088;

— Ош облусу жана Ош шаарында –1319;

— Жалал-Абад облусунда – 1039;

— Талас облусунда – 991;

— Ысык-Көл облусунда – 668;

— Нарын облусунда – 987;

— Баткен облусунда – 364 жаран жардам алышты.

“Анын 3909у аялдар, 3371и эркектер. Мындан тышкары, социалдык жактан аз камсыз болгондор 1194, пенсия жашындагы жарандар 1435, иш менен камсыз болгон адамдар 1669, жумушсуз адамдар 1712, жашы жете элек жарандар 169, майыптыгы барлар 101ди түзөт. Жалпы сандын 42си чет өлкөлүк жарандар, экөөнүн жарандыгы жок болгон”, — деди ал.

Ал белгилегендей, негизинен жарандар үй-бүлөлүк жана укуктук маселелер менен көбүрөөк кайрылышкан: 2092 жаран, мүлккө байланыштуу суроолор 1259, эмгектик-укуктук мамилелер боюнча суроолор 332, жер маселелри боюнча 906, социалдык коргоо маселелери боюнча 883, документтештирүү чөйрөсүндө 410 суроо келип түшкөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button