Коом

Аттестат ала турган бүтүрүүчүлөр. 5 миңдей милиция кызматкери коомдук тартипти сакташат

Бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтерди тапшыруу учурунда коомдук тартип камсыздалат.

2023-жылдын 21-23-июнь күндөрү Республика аймагында ички иштер органдарынын кызматкерлери жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтерди тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чараларын өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздашат. Өлкө ичинде орун алган жалпы билим берүү мекемелеринде, коомдук жайларда, көчөлөрдө милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөшөт. Жогорудагы иш-чарага ылайык, коомдук тартипти жана жол кылмылынын коопсуздугун камсыздоого багытталган атайын иш-мерчемдер түзүлүп, ага тартыла турган ИИОнун күч каражаттарынын эсеби такталды. Жалпы республика боюнча 5000 миңдей милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоого тартылат.


Эскертебиз, иш-чара өткөрүлүүчү күндөрү коомдук эс алуучу жайларда, калктуу аймактардан сырткары жайларда милиция кызматкерлеринин кайгуулдары күнү-түнү уюштурулуп, жылпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү ата-энелери менен биргеликте топтошуп көңүл ачуусуна бөгөт коюлат. Бул көрүлүп жаткан чаралар бүтүрүүчүлөрдүн ар кандай терс көрүнүштөргө аралашуусун, жол кырсыктарына дуушар болуусун алдын алууга багытталган.
Жалпы иш-чарага тартылган ИИОнун кызматкерлеринин арасында мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоого багытталган нускалар өткөрүлдү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button