Коом

Түркияда кулаган тик учакта 2 кыргыз жаранынын жансыз денеси табылды

16-сентябрда Мендерес аймагында (Измирге жакын жергесинде) токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак Тахтали дамбасына кулап түшкөн. Түркиянын Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, тик учакта 4 адам болгон, алардын үчөө Кыргыз жараны. Бир Кыргыз жараны ооруканада, калган жарандар боюнча издөө иштери уланып жаткан.

Menderesingozu басылмасы изделип жаткан 2 кыргыз жаранынын жансыз денеси табылганын жазды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button