Коом

Баткендеги кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалга УКМКнын Чек ара кызматы көзөмөл жүргүзүүдө

УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы 2022-жылдын 13-апрелине карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөндүгүн билдирди.

Түн тынч өттү, атышуулар катталган жок.

Түнкүсүн саат 03:00дөн 03:55ке чейин «Кулунду-автодорожный» (КР) менен «Овчи-Калача» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ортосундагы аймакта Кыргызстандын Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун жетекчилеринин жолугушуусу болду. Жолугушууга Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилери, ошондой эле тараптардын эки облусунун укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап макулдашышты:

— туруктуу жайгаштыруу пункттарына кошумча күчтөрдүн жана каражаттардын чыгарылышын контролдоо. Кошумча өздүк курамды жана аскердик техниканы, курал-жарактарды чыгаруу, ушул чечим кабыл алынгандан кийин 12-апрелден баштап биринчи мүнөттөрдө башталган;

— бүгүн, 13-апрелде саат 11:00дө Баткен облусунун Лейлек районундагы Селкан айылында окуя болгон жерде эки республиканын делегацияларынын кеңейтилген курамдагы жолугушуусун өткөрүү жөнүндө;

КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын бөлүмдөрү кызматтын күчөтүлгөн версиясына өткөрүлдү.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалга КР УКМКнын Чек ара кызматы көзөмөл жүргүзүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button