Коом

Кыргызстанда кайрымдуу жаштар көп. Алардын бири — Мухаммед Осмоналиев

Кыргызстанда кайрымдуулук иштерди аткардан жаштардын саны арбын. Алар көп учурда колунда жок, муктаж болгон калктын аялуу катмарларына жардамын берип келишет. Кайрымдуулук иштерин аткарып, бирок аны эч кимге жарыя кылбаган жаштардын бири жаш ишкер — Мухаммед Осмоналиев.

Кыргыздын уулу Мухаммед мырза пандемия башталганы далай иштерди аткарды. Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын ооруканаларына, райондук ооруканалардын дарыгерлерине биринчилерден болуп СИЗ кийимдерин, бет кап, дары-дармектерди бекер  таратып жүрөт. Карантин убагында далай үй-бүлөлөргө азык-түлүк тараткан эле.

Кыргызстандын башына келген оор пандемияга чейин эле Мухаммед мырза колунда жок бей-бечераларга кыштын күнү отун-суусун даярдап, көмүр, кийим-кече, тамак-аштары менен камсыздап турчу. Бирок,  ал өзү  кайрымдуу иштерин ачыкка чыгарбай соопчулук үчүн жасап жатканын гана айтат.

Жакшы иштер жугумдуу жана башкаларга үлгү болушу үчүн Осмоналиевдин кайрымдуулук иши тууралуу  Фейсбук колдонуучулардын бири Шаимбек Бекмуратович:

“Ушул Мухаммед үкам менен таанышкандан бери канчалаган соопчулук иштерди жасады, эсебин да билбей калдым. Бул үкам коронавирус келе электе эле, али көрсөң тонналап көмүр таркатып, али көрсөң ун таркатып, иши кылып, эл эмнеге муктаж болсо ошону бекер таркатып жүргөнү жүргөн эле. Азыр болсо күн алыс маска, коргоочу кийимдер жана башка нерселерди тынбай Ош-Баткен облустарына таркатып жатат. Кечээ биз Ноокатка жардам акциясын баштасак биринчилерден болуп 40 даана СИЗ кийимдерин берип жиберди. Мухаммед үкам, Аллахым келинчегиң экөөңөргө эки дүйнөнүн тең бактылуулугун берсин.. эч кем болбогула. Алдыга койгон баардык максатыңарга жеткиле” деп жазды

Мухаммед Осмоналиев тууралуу замандаштары дайыма жылуу пикирлерди айтып келишет. Жаштарыбыздын кайрымдуулук, боорукерлик менен алектенгени башкаларга да үлгү болуп, алардын жакшы иштерин чыгарып туруу биздин милдет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button